торгово-промышленная палата

кыргызской республики

В интересах бизнеса - во благо общества

КЫРГЫЗСКО – ТУРЕЦКИЙ БИЗНЕС ФОРУМ-2024

КЫРГЫЗСКО – ТУРЕЦКИЙ БИЗНЕС ФОРУМ-2024

КЫРГЫЗСКО – ТУРЕЦКИЙ БИЗНЕС ФОРУМ-2024


 
Выступление президента Торгово-промышленной палаты Кыргызской Республики на Кыргызско-Турецком форуме в Анкаре:

Урматтуу Джевдет Йылмаз мырза!
Урматтуу Акылбек Усенбекович!
Урматтуу Форумдун катышуучулары!
Урматтуу айымдар жана мырзалар!

Сиздер менен бүгүнкү Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы экономикалык байланыштарды жакшыртууга арналган маанилүү иш-чарада жолугушканыма кубанычтамын.

Түркиянын палаталар жана биржалар Биримдигинин (ТОВВ) Президенти Рифат Хисарджиклыоглу мырзага жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча Кеңешинин президенти Наиль Олпак мырзага бүгүнкү иш чараны уюштургандары үчүн Кыргыз Республикасынын бизнес коомчулугунун атынан терең ыраазычылык билдирем.

Негизинен эле, Кыргызстан менен Түркиянын бир туугандык мамилелери тарыхый доордон эле өнүгүп келген. Биздин элдерибиз руханий жагынан жакын болуп, бири-бирин ар дайым колдоп келишкен. Заманбап тарыхта экономикалык жана маданий өнүгүүгө басым жасаган стратегиялык мамилелерибиз бар.

Түркия эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнүн ортосундагы кызматташтык чөйрөсүндө Кыргызстан үчүн ар дайым ишенимдүү өнөктөш болуп келе жатат. Мунун белгиси, эки өлкө башчысынын ортосундагы жылуу жана ишенимдүү мамиле.

Азыркы учурда, Кыргызстандагы түркиялык иш алып барып жаткан ийгиликтүү компаниялары “Шератон” эл аралык деңгээлдеги мейманканасы, “Бишкек Парк”, “Вефа” соода-сатык борборлору, “Кока-Кола Боттлерс”, “Демир Банк”, “Эти Бакыр Терексай” аттуу белгилүү компаниялар жаңы заманбап технологияларды, эффективдүү менеджменттин механизмдерин киргизүү менен ийгиликтүү иштеп жатышат.

Ошондой эле, Өкмөттөр аралык комиссиянын алкагындагы бизнес-форум жана тажрыйба алмашуу, ошондой эле өлкөлөрүбүздүн ортосундагы бир туугандык мамилелерди жакшыртуу үчүн эң сонун аянтча болуп, салтка айланууда.

Биз өз ара максаттарга жетүү жана бардык инвесторлор үчүн жагымдуу бизнес чөйрөсүн түзүү үчүн Түркиянын ТОВВ менен тыгыз кызматташууга жана биргелешип иштеп көмөк көрсөтүүгө даярбыз, анын ичинде инвестициялык форумдар, көргөзмө-жарманкелер жана бизнес-турларды өткөрүү.

Соода-өнөр жай палатасы инвестиция тартуу жана экспортту илгерилетүү маселеси бизнес климатыбызда туруктуулукту, айкындуулукту жана алдын ала айтууну талап кыларын түшүнөбүз.

Азыркы учурда Соода-өнөр жай палатасынын жаңы стратегиясы жана Мыйзамга өзгөртүүлөрү өкмөт тарабынан каралып жатат. Бул чечим Соода-өнөр жай палатасынын ордун жана кубатын жогорулатат.

Ошондой эле санариптик стратегия иштелип чыгып, жакын арада Палатанын санариптик платформасы толук ишке киргизилет.

Учурдагы иш-чаралардын алкагында ак ниет ишкерлердин жаңы реестри, экспортёрлордун реестри ишке киргизилди, ошондой эле жакынкы арада потенциалдуу өнөктөштөрдү тийиштүү издөөгө, аймактарга инвестицияларды тартууга мүмкүндүк берүүчү инвестициялык долбоорлордун реестри көрсөтүлөт. 

Урматтуу достор!

Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы бизнес кызматташтыкты өркүндөтүү максатында, бир нече кадамдар жасалып келе жатат.

2023-жылы Түрк Соода-өнөр жай палатасынын базасында Түрк өлкөлөрүнүн Соода-өнөр жай палаталарынын биримдиги түзүлгөн. Бул түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилелерди жана кызматташтыкты өнүктүрүү максатын көздөгөн эл аралык платформа.

Биримдиктин маанилүү милдети болуп бизнес чөйрөсүн жакшыртуу боюнча тажрыйба алмашуу, консультациялар жана сунуштарды иштеп чыгуу аркылуу аймактагы бизнести жана ишкердикти колдоо саналат.

Биз, түрк мамлекеттеринин Соода-өнөр жай палаталарынын биримдиги аркылуу ушул жылдын жай айларында «Кыргызстан – Түрк мамлекеттеринин Биримдигинин» кезектеги отурумун жана бизнес-форумун өткөрүүнү пландап жатабыз. Учурдан пайдаланып Түрк ишкерлерин активдүү катышып берүүгө чакырам!

Муну менен бирге, Түркия тарабы менен биргеликте бизнес-турларды уюштуруп жатабыз. TIKA жана TUKID аттуу мекемелери активдүү көмөк көрсөтүп, туура багыттагы жумуш алып барганга шарт түзүп берип жатат.

Ушул багыттагы демилгелерди колдоп, биздин Түркиядагы элчиликтин жардамы менен февраль айынын аягында Бурса шаарына жеңил-өнөр жай багытында бизнес-тур пландалууда.

Мындан сырткары, март айында Түркиянын Экспорторлорунун Биримдиги (TIM) менен 40ка жакын ири компаниялардын иш сапары күтүлүүдө. Иш сапарынын алкагында, В2В жолугушуулар, экспорт багытындагы көргөзмөлөр пландалууда.

Урматтуу достор!

Акыркы убакта Орусия жана Туркия арасында банк төлөмдөрүндө чоң чектөөлөр киргизилди. Бул ортодогу соода-сатык мамилелеринде чоң кесепет тийгизет.

Ушундан улам түрк кыргыз ишкерлери Кыргызстанды транзиттик өлкө катары пайдаланып, өзгөчө Сибирь, Урал жана Ыраакы Чыгыш базарларына басым жасасак болот.

2023-жылы Туркия менен Кыргызстан соода сатык көлөмү 2022-жылга салыштырмалуу 45%ке көбөйүп 1.4млрд доллардан ашты. 2024-жылы 2млрд. долларга жетээрине ишенем.

Учурдан пайдаланып бир-эки суроого токтолуп кетким келет:

- Европадан Туркия аркылуу Кыргызстанга транзит номери менен өтүп жаткан жүк ташуучу арабалардан 1200€ алынып жатат. Мунун баасын түшүргөнгө жардам сураймын.
- Кыргыз жүк ташуучулары Туркиянын бажы терминалдарынан Европа, Азия жана Америкадан келген транзиттик жүктөрдү алып кете албай жатат. Ошол транзиттик жүтөрдү алып кетишине уруксат беришинерди да суранып кетээр элем.


Урматтуу түрк ишкерлери!
Урматтуу форумдун катышуучулары!

Мен, Соода-өнөр жай палатасынын Президенти катары сиздерди жогоруда аталган артыкчылыктарды өзүңүздөрдүн бизнести өнүктүрүүдө активдүү пайдаланууга чакырам.

Бардыгыңыздарга бул форумда жемиштүү талкууларды жана ийгиликтүү бизнес байланыштарды каалайм.

Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат!"
Вернуться ко всем новостям